ГИБРИДДЕШТИРҮҮ
ГИБРИДДЕШТИРҮҮ – тукум куума касиеттери м-н айырмаланган жаныбарларды аргындаштыруу ж-а өсүмдүктөрдү чаӊдаштыруу аркылуу алардын жаӊы формаларын алуу. Гибриддештирүүдө ар кандай типтеги урук клеткаларынын кошулуусу м-н пайда болуп, алардын тукум куума касиеттерин сактаган жаӊы организм (гибрид) алынат. Табигый шартта өсүмдүктөр кайчылаш чаӊдашуу м-н көбөйүп, гибриддешүү жүрүп турат. Б. з. ч. 2 миӊ жыл мурда эле жаныбар гибриди – качыр белгилүү болгон. Жасалма жол м-н гибрид алуу мүмкүндүгүн 1694-жылы немец илимпозу Р. Камерариус айткан. Гибрид 1760-ж. немец ботаниги Р. Кёльрёйтер тамекинин 2 түрүнүн гибридин алгандан тартып өнүгө баштаган. Гибриддештирүү түр ичиндеги, түр аралык ж-а тукум аралык болуп айырмаланат. Ар башка түргө, тукумга кирүүчү, ошондой эле ар башка географиялык зоналардагы формаларды гибриддештирүү алыскы тегинен гибриддештирүү деп аталат. Алынган гибрид атасы же энеси м-н аргындаштырылса же чаӊдаштырылса кайталама аргындаштыруу же чаӊдаштыруу (беккросс), бул процесс бир нече жолу кайталанса – баскычтуу аргындаштыруу же чаӊдаштыруу деп аталат. Гибриддин 1-мууну айлана-чөйрөгө жакшы ылайыкташат, ысык-суукка байымдуу, түшүмдүү ж-а тукумчул болот.
Өсүмдүктү гибриддештирүү. Эгилме өсүмдүктөрдүн көбү (буудай, картошка, тамеки, гозо, сулу, жүгөрү, кара өрүк, бал камыш, кооздук өсүмдүктөрү ж. б.) – хромосомалары эки эселенген түр аралык табигый гибриддер (амфидиплоиддер). Өсүмдүк селекциясында гибриддештирүү үчүн алынган алгачкы формалардын оӊ ж-а терс касиеттери теӊ тукумга берилгендиктен, чаӊдаштыруу үчүн терс касиеттери азыраак компоненттер тандалып алынат. Гибрид организмдин жеке өөрчүшүн башкаруу ыкмаларын И. В. Мичурин иштеп чыккан. Өсүмдүк селекциясында сорт аралык (бир түргө кирүүчү формаларды ж-а сортторду) гибриддештирүү кеӊири колдонулат. Мындай жол м-н өсүмдүктөрдүн көп сорттору алынган. Алыскы тегинен гибриддештирүү – гибрид алуунун өтө татаал ж-а кыйын ыкмасы. Мында жуп организмдердин жыныс клеткалары бири-бирине туура келбей, ошондой эле биринчи ж-а андан кийинки гибрид муундар тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Кайталама чаӊдаштыруу ж-а полиплоидия жуптардын чаӊдашпоосун ж-а гибриддердин тукумсуздугун жоёт. Алыскы тегинен гибриддештирүүдө түшүмү сапаттуу ж-а козу карын илдеттерине, зыянкечтерге туруктуу өсүмдүк түрлөрү алынат. Күн караманын түр аралык гибриди илдет, зыянкечке туруктуу келип, данында 55% май болот. Алыскы геогррафиялык зоналардагы формалардыгибриддештирүүгө ушундай жол м-н алынган буудайдын түшүмдүү, сапаттуу кылкансыз-1 ж. б. сорттору мисал болот. Тамекинин, картошканын эгилме ж-а жапайы түрлөрүн гибриддештирүү м-н баалуу сапаттагы сорттору, ошондой эле капуста м-н чамгырды чаӊдаштырып, сабак, жалбырагын салат, азык тамыры чамгыр сымал жегенге жарамдуу гибрид алынган. Хромосома жыйындысы эки (диплоид) ж-а төрт (тетраплоид) эселенген формаларды гибриддештирүү м-н үч эселенген (триплоид) түшүмдүү гибрид алуу – өсүмдүк селекциясындагы жаӊы багыт. Бул ыкма кант кызылча үрөнчүлүгүндө кеӊири колдонулат. Кыргызстан дыйканчылык ИИИде татаал гибриддештирүү жолу м-н арпанын Нарын-27, Нутанс-970 сорттору, жүгөрүнүн жогорку түшүмдүү Чүй П-2 ж. б. гибриддери, жүзүмдүн жаӊы гибрид сорттору (Кыргыз эртечили ж. б.) чыгарылган.
Малды гибриддештирүү. Зоотехнияда гибриддештирүү ж-а порода аралык аргындаштыруу жүргүзүлөт. Гибриддештирүү чарбалык баалуу сапаттагы тукум – гибрид мал алуу же жаӊы порода чыгаруу үчүн ар башка түр, түрчө же тукумга кирген малда жүрүгүзүлөт. Аргын мал өз ара оӊой аргындашып, тукум бере алат. Гибрид мал өтө кыйынчылык м-н алынып, көп учурда толук же жарым-жартылай тукумсуз болгондуктан, анын тукумун көбөйтүү да өтө кыйын. Толук тукумсуз гибрид малдын эркек, ургаачысы жарым-жартылай тукумсуз болуп, көбүнчө эркеги тукум бербейт. Ошондуктан гибрид малдын тукумун көбөйтүүдө ургаачы гибрид мал алгач алынган түрдүн эркеги м-н аргындаштырылат. Гибрид мал адатта ата-энесинен пайдалуу чарбалык сапаттары – кунардуулугу, чымырдыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы м-н артыкчылык кылат. Мал чарбачылыгындагы эӊ байыркы гибриддер: жылкынын эшек м-н (качыр), зебра м-н (зеброид), сыӊар өркөч төөнүн айры өркөч төө м-н (нар), топоздун уй м-н гибриддери. Уй чарбасында уйду топоз ж-а зебу м-н гибриддештирүү практикалык мааниге ээ. Уй м-н топоздун гибриди бийик тоолуу жердин катаал шартына чыдамдуу, эт багытындагы мал катары бааланат. Кой чарбасында койду муфлон ж-а аркар м-н гибриддештирүү аркылуу тоо мериносу ж-а казак аркар мериносу породалары чыгарылган. Малды гибриддештирүү боюнча тажрыйбалар ж-а жетишкендиктер илимий таанып билүү ж-а эл чарбасы үчүн чоӊ мааниге ээ. Кыргызстанда малды гибриддештирүү иштерин Кыргызстан мал чарба, ветеринария ж-а тоют ИИИлерде, КАУнун тиешелүү кафедрасынын окумуштуулары
жүргүзүшөт.
Ад.: Ильеф Ф. В. Межлинейная гибридизация в животноводстве. М., 1980; Генетические аспекты селекции в Киргизии. Ф., 1984.
К. Тургунбаев, Т. Чортонбаев.