ГИДРОСТРОИТЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОСТРОИ́ТЕЛЬ – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кеӊ-Булуӊ айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун ж-а Чоӊ Чүй каналынын боюнда, деӊиз деӊгээлинен 764 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борборунан ж-а темир жол бекети Ивановка кыштагынан 14 км чыгыш тарапта. Кыштак 1958-жылы отурукташкан. Калкы 815 (2020). Негизги мектеп, китепкана бар. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.