ГИДРОФИТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:46, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОФИТТЕР (гидро... ж-а гр. phytjn – өсүмдүк) – суу астындагы кыртышка бекип ж-а төмөнкү бөлүгү гана сууда туруучу суу өсүмдүктөрү. Негизинен дарыя, көлмө, көл, деӊиз, океан жээктеринде өсүүчү ж-а саз өсүмдүктөрү. Алардын тамырлары, өткөргүч түтүкчөлөрү ж-а механикалык ткандары мыкты өөрчүгөн. Өсүмдүктөрдүн тиричилик формасы катары криптофиттерге тиешелүү. Көпчүлүк гидрофиттерден чым көӊ (торф) пайда болот.