ГИНЕКОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИНЕКОЛО́ГИЯ (гр. gуnе – аял ж-а ...логия) – медицинанын аял организминин анатомиялык, физиологиялык, психикалык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле жыныс органдарынын физиологиясы, патологиясы, жыныс ооруларын дарылоо ж-а алдын алуу чараларын изилдөөчү тармагы. Ал хирургия, эндокринология ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. Жыныс органдарынын сезгенүү себептерин аныктоодо бактериологиянын өөрчүшү, айрыкча сүзөк козгогучтарынын ачылышы зор мааниге ээ болду. Гинекологиянын башталышы байыркы Индия, Байыркы Грекия ж. б-дын жазуу мурастарынан белгилүү. 18-кылымдан баштап өз алдынча илим катары калыптана баштаган. 19-кылымдын аягында гинекологиялык ооруларды операция жолу м-н дарылоо методдору иштелип чыкты. 20-кылымда теориялык гинекология чоӊ ийгиликке жетишкен. Гипофиздин, энелик уруктун ж-а бөйрөк үстүндөгү бездин гормондорунун ачылышы ж-а синтезделиши жыныс гормондорунун аял организмине тийгизген таасирин изилдөөгө, этек кир циклинин бузулушун дарылоодо гормондук терапияны колдонууга мүмкүндүк берди. Гинекологиялык ооруларды алдын алуу максатында диспансердик байкоо, айрым оорулар жаӊы башталганда дарылоо жүргүзүп, рак оорусуна өткөрүп жибербеш үчүн аракет жасоо зарыл. Жыныс органдарынын коркунучтуу шишиктерине нур терапиясы ж-а операция колдонулат. Гинекологиянын татаал маселелери эл аралык конгресстерде талкууланат.