ГИНЕКОЛОГИЯ ООРУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИНЕКОЛО́ГИЯ ООРУЛАРЫ – аял организминин анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу оорулар. Аларга инфекция, травма, уулануу, химиялык заттардын, этек кирдин нейрогумордук бузулушу, шишиктин пайда болушу, жыныс органдарынын кемтиги ж. б. себеп болот. 20дан 50 жашка чейинки аялдарда сезгенүү оорулары – кольпит, эндометрит, сальпингит көп кездешет. Ички жыныс органдарынын сезгенүү оорулары көпкө созулуп, кайталап кармаса, тукумсуздукка алып келет ж-а этек кир цикли бузулат. Дарылоо гинекологиялык ооруканада, акушергинекологиялык кабинеттерде жүргүзүлөт. Айыл жерлеринде мындай оорулууларга фельдшер-акушердик пункттарда (ФАП) жардам көрсөтүлөт.