ГИСТЕРЕЗИС
ГИСТЕРЕ́ЗИС (гр. hysttresis – артта калуу, кечигүү) – нерсенин абалын мүнөздөөчү физикалык чоӊдуктардын өзгөрүшүнүн сырткы шарттарды аныктоочу башка физикалык чоӊдуктардын өзгөрүшүнөн кечигип артта калышы. Гистерезис түрдүү шарттарда ж-а ар кандай физикалык процесстерде байкалат. Анткени нерсенин абалын өзгөртүү үчүн кандайдыр бир убакыт талап кылынат. Гистерезис кубулушунун маанилүү түрлөрү (диэлектрдик, магниттик, серпилгичтүү гистерезис) бар. Магниттик гистерезис магнит материалдарда, мисалы, ферромагнетикте, диэлектрдик гистерезис демейде сегнетэлектриктерде, мисалы, барий титонатында, ал эми серпилгичтүү гистерезис же деформациянын гистерезиске көз карандылыгы бардык реалдуу материалга чоӊ механикалык таасир болгондо байкалат.