ГЛИКОЛ КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛИКО́Л КИСЛОТАСЫ, о к с и у к с у с к и с л о т а с ы, НОСН2СООН – эӊ жөнөкөй алифаттык оксикислота. Жытсыз, түссүз кристалл. Молекулалык салмагы 76, 06; б. эрүү t 79 – 80°С. Сууда, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт; кайнатканда ажырайт. Быша элек жүзүмдүн, бал камыштын, кызылчанын маӊызында кездешет. Туздары ж-а эфирлери гликоляттар деп аталат. Гликол кислотасы өнөр жайда хлоруксус кислотасын гидролиздөөдөн же козу кулак кислотасын электр тогу м-н калыбына келтирүүдөн, аминуксус кислотасына азоттуу кислотаны таасир кылуудан, фруктозаны кычкылдандыруудан алынат. Текстиль ж-а булгаары өнөр жайында колдонулат.