ГОМОЙОТЕРМДҮҮЛӨР
ГОМОЙОТЕРМДҮҮЛӨР (гр. hjmoios – окшош ж-а thtrmе – жылуу), ж ы л у у к а н д у у ж а н ы б а р л а р – чөйрө температурасына карабастан, дене температурасын бир калыпта кармап туруучу жаныбарлар. Гомойтермдүүлөргө канаттуулар м-н сүт эмүчүлөр кирет. Жылуу кандуу жаныбарлардын температурасын гомеостаз жөнгө салып турат.