ГРАВИТАЦИЯЛЫК НУРЛАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАВИТАЦИЯЛЫК НУРЛАНУУ – мейкиндикте жарык толкунундай таралуучу эркин гравитациялык талаа. Ал нерселердин бир калыпта эмес кыймылынын негизинде пайда болот. Гравитациялык толкундардын болушу Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясынан келип чыккан (к. Тартылуу). Гравитациялык нурлануу зат м-н өтө начар аракеттенгендиктен, тажрыйбада аныктала элек. Анын жылт этишин табуу үчүн дүйнөнүн бир нече лабораторияларында атайын антенналар курулган. Коӊшу галактикада астрофизикалык катастрофадан пайда болгон гравитациялык нурлануунун жылт этүү узактыгы 10–3–10–4 секундага созулуп, бир айда бир жолу байкалышы мүмкүн.