ГРАНАТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАНА́ТА (лат. granatus – бүртүкчөлүү) – душмандын аскерин ж-а техникасын зыянга учуратуу максатында жасалган согуш куралынын бир түрү. Ал артилл. куралдан атылат же Г. ыргыткыч ж-а кол м-н ыргытылат да, душманды жарылуудан пайда болуучу темир сыныкчалары, толкун күчү м-н зыянга учуратат. Г. металл корпустан, жарылуучу заттан ж-а дүрмөттөн турат. Ал аракети б-ча согуп талкалоочу, тоскоолдукка тийгенде же абада жарылуучу болуп бөлүнөт. Азыркы кездеги кол м-н ыргытма Г. (массасы 0,3– 1,2 кг) жарылганда 3 миӊге жакын сыныктар чачырап, 5–200 м радиуста зыян келтирет. Кол м-н ыргытма Г-нын жөө аскерге, танкага каршы, хим., түтүн чыгарма, өрт чыгарма түрлөрү бар. Артилл. Г-лар темир сыныктарын пайда кылуучу ж-а соот тешүүчү болуп бөлүнөт. Айрымдары калыӊдыгы 300–400 мм ге чейинки соотту теше алат.