ГРОССМЕЙСТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРОССМЕ́ЙСТЕР (нем. Grobmeister – чоӊ чебер) – шахмат ж-а дойбу боюнча эл аралык федерация тарабынан берилүүчү жогорку ардактуу спорт наамы. 1948-жылы жүз чакмактык дойбу, ал эми 1949-жылы шахмат б-ча эл аралык гроссмейстер наамдары Бүткүл дүйнөлүк дойбу ж-а шахмат федерациялары тарабынан бекитилип, бул оюндар боюнча эл аралык турнирде 1-орунду алган спортсмендерге бериле баштаган. Кыргызстанда бул наамды Л. Н. Юдахин алган.