ГҮЛБАХАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛБАХАР – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Керме-Тоо айыл округуна караштуу. Керме-Тоо м-н Кекилик-Учар тоолорунун ортосунда деӊиз деӊгээлинен 930 м бийиктикте жайгашкан. Ош – Араван автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Араван кыштагынан 4 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 18 км. Кыштак 1956-жылы негизделген. Калкы 10999 (2022), негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Алты орто мектеп, маданият үйү, 3 ФАП бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү иштейт.