БУРУУ
БУРУУ – жылдыруунун бир түрү. Мында мейкиндиктин жок дегенде бир чекити кыймылсыз калат. Тегиздикти буруудагы кыймылсыз чекит айлануу борбору деп аталат. Мейкиндикти бурууда кыймылсыз жалгыз түз сызык болот, ал – буруунун огу. Евклид мейкиндигинин буруусу мейкиндик багытынын сакталышына же сакталбашына карата өздүк же өздүк эмес буруу деп ажыратылат. Тегиздикте өздүк буруу декарттык тик бурчтуу координаталар менен (координата башталмасы
Буруу борборунда): ал эми өздүк эмес буруу декарттык тик бурчтуу координаталар
м-н туюнтулат: мында – буруу бурчу. Өздүк эмес буруу тегиздикте өздүк буруу менен октук симметриянын көбөйтүндүсү катары көрсөтүлүшү мүмкүн.