ГИББС ЭНЕРГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:34, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИББС ЭНЕРГИЯСЫ, и з о б а р а – и з о т е р м а л ы к п о т е н ц и а л, э р к и н э н т а л ь п и я – термодинамикалык потенциалдардын бири; көз каранды эмес параметрлер (басым), (термодинамика температура) жана (системадагы бөлүкчөлөр саны) аркылуу термодинамикалык системаны мүнөздөөчү функция. Ал кээде (кээде , ) деп белгиленет жана энтальпия , энтропия жана температура менен = барабардыгы аркылуу берилип, ал эми Гиббс энергиясы Гельмгольц энергиясы менен катнашы аркылуу байланышат. Ал курчап турган телолор менен зат алмашуу процесстерин баяндап жазууда ыӊгайлуу. Термодинамикага Гиббс энергиясы түшүнүгүн америкалык физик Ж. У. Гиббс 1874-жылы киргизген. Турактуу басым кезинде жүргөн изотермалык теӊ салмактуулук процессинде Гиббс энергиясы азайып, максималдуу пайдалуу жумушка барабар. Гиббс энергиясы көбүнчө кДж/моль же кДж/кг аркылуу туюнтулат.