БАРАБАРДЫК АКСИОМАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРАБАРДЫК АКСИОМАЛАРЫ – математикалык далилдөөлөрдөгү барабардык катышынын колдонулушун тартиптөөчү аксиомалар. Бул аксиомалар барабардык катышынын рефлексивдүүлүгүн жана теӊди теӊи менен алмаштырууга боло тургандыгын аныктайт. Барабардык аксиомалары символдук түрдө төмөнкүчө жазылат: мында φ– каалагандай формула, – каралып жаткан тилдин каалагандай терми, өзгөрмөлөр. Барабардык аксиомаларынын жардамы менен барабардык катышынын симметриялуулугу, транзиттүүлүгү далилденет. Ал үчүн нин ордуна биринчи учурда , экинчи учурда формуласын алуу керек. Эгер каралып жаткан тилдин формулалары ж-а термдери логикалык байламталардын жана супер позициялардын жардамы аркылуу атомардык формулалардан жана термдерден түзүлсө, анда келтирилген барабардык аксиомаларын, нин ж-а нын ордуна атомардык формулалар жана термдер алынганда, алардын жеке учурунан бөлүп алса болот. Символдук түрдө:
,


мында ж-а -орундуу предикаттык ж-а функционалдык символдорду түшүндүрөт.

А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.