ГАИПОВ Рустамбек Гаипович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:17, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАИПОВ Рустамбек Гаипович (7.5.1951-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Жал айылы) –хирург, медицина илимдеринин доктору (1998), профессор (2002). КММИни бүтүргөн (1975). КРдин саламаттык сактоого эмгек сиӊирген кызматкери (1997). РКОдо бөлүм башчы (1978–85), КММИде ассистент, кафедра башчысы, Кыргызстан туберкулёз ИИИде клиникалык хирургия бөлүмүнүн жетекчиси, 1999-жылдан УФБда хирургия клиникасынын башчысы, 2000-жылдан КММАнын профессору болуп иштейт. Гаиповдун 80ден ашык илимий эмгеги жарык көргөн, анын ичинен 1 монография, 2 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Морфологическая диагностика заболеваний лёгких (в соавторстве). Новые методы диагностики в пульмонологии. М., 1980; Оперативная эндоскопия в торакальной хирургии. Б., 2000.