ГАУСС ТЕОРЕМАСЫ
ГА́УСС ТЕОРЕМАСЫ э л е к т р д и н а м и к а с ы н д а – электр-статикадагы негизги теорема. Ал ар кандай туюк бет (S) аркылуу өткөн электр-индукциясынын (D) ошол бетти камтыган көлөм (V) ичиндеги зарядга (Q) пропорциялаштыгын байланыштырат. Бирдиктер системасында (СГС) төмөнкүчө берилет: div E=4nG=4nʃρdv, мында Е – электр талаасынын чыӊдалышынын агымы, ρ– эркин заряддардын көлөмдүк тыгыздыгы. Гаусс теоремасын 1830-жылы электр статикалык талаа үчүн К. Гаусс аныктаган (1930). Гаусс теоремасы Кулон законунан келип чыгат. Диэлектрикте Гаусс теоремасы электр индукция векторунун агымы Ḓ үчүн туура болот. divD=4πɡq
, мында q – S туюк беттин ичиндеги эркин заряддардын суммасы, бул формула Максвелл теӊдемелеринин интегралдык түрү ж-а электр заряды электр талаасын пайда кыларын билдирет.