ВАЛУА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛУ́А – Франциядагы королдор династиясы (1328–1589), Капетингдердин бир бутагы. Валуа графтыгынын атынан аталган. Негиз салуучусу – француз королу Филипп IV Сулуунун иниси, Карл В. Карл XI В-нын тушунда Франциянын аймагы бириктирилип, королдук бийлик күчөгөн ж-а француз абсолютизми калыптана баштаган. Династиянын акыркы өкүлү Генрих III өлтүрүлгөн соӊ (1589), анын мураскери жок болгондуктан, В. династиясы үзүлгөн, ал эми француз таажысы Бурбондорго өткөн.