БИОМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИО́М (био... жана лат. оmа – жыйындысы) – белгилүү ландшафт-географиялык зонада жашаган түрдүү организм топтору жана алар жашаган чөйрө жыйындысы. Ал – ири биогеоценоз, экологиялык географиянын негизги объектиси болуп саналат. Алар климаты, фаунасы менен флорасы боюнча айырмаланат. Жер бетиндеги ири, негизги биомдор тундра, тайга токойлору, жазы жалбырактуу токойлор, субтропик токойлору, нымдуу тропик токойлору, чөлдөр, талаалар, айдоо аянттары ж. б.