БИОМАССА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОМА́ССА (био... ж-а масса) – бир түрдүн особдорунун, түр топторунун же жамаатташтыктын мекендеген аймак бирдигине же көлөмүнө туура келүүчү жалпы массасы. Ал өсүмдүктө ф и т о м а с с а, жаныбарда з о о м а с с а деп аталат. Биомасса кургак же нымдуу заттын массасында (г/м2, кг/га, г/м3 ж. б.) же анын пропорциялуу бирдиктери менен (көмүртек массасы же азот, органикалык заттын телосу ж. б.) туюнтулат. Ар кандай организм топторунун биомассасынын көлөмү жер бетинде, агын сууларда, көлдөрдө ар түрдүү болот. Анын аз же көп болушу өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүнө, айлана-чөйрө шарттарына байланыштуу. Деӊиздеги өсүмдүктөрдүн биомассасы ал жерде жашаган жаныбарлардыкынан аз. Континент сууларындагы жана деӊиздериндеги биомассанын көпчүлүгү – балыктар үчүн баалуу азык. Техниканын өнүгүшүнөн улам азайып бара жаткан биомассанын көлөмүн көбөйтүү – биология илиминин маанилүү милдети.