БИО-САВАР ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИО́-САВА́Р ЗАКОНУ – электр тогу өтүүчү өткөргүчтүн айланасында пайда болгон магнит талаасынын чыӊалышын аныктоочу эреже. Законду 1820-жылы француз илимпоздору Ж. Б. Био жана Ф. Савар ачышкан, кийин П. Лаплас (француз окумуштуусу) аныктаган. Бул законго ылайык ток күчү өтүүчү өткөргүчтүн элементи андан аралыгында жайгашкан М чекитинде чыӊалуусу Н болгон магнит талаасын пайда кылат: Н=k/r2, мында – бул менен r дин арасындагы бурч, k-катыш коэффициенти. М чекитинде пайда болгон жалпы магнит талаасынын чыӊалышы Н ток өтүп жаткан өткөргүчтүн бардык элементтеринен пайда болгон чыӊалыштардын вектордук суммасына барабар: Н ,
мында – өткөргүчтүн бирдей элементке бөлүнүү саны.