БИОСФЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 29 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОСФЕ́РА (био… жана сфера) – атмосфера, гидросфера жана литосферанын активдүү тиричилик өтүүчү бөлүгү. Биосферада тирүү организмдер менен алардын жашоо чөйрөсү органикалык байланышта болуп, бүтүндөй системаны түзөт. «Биосфера» терминин австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Биосфера жөнүндөгү толук түшүнүктү орус геохимиги В. И. Вернадский иштеп чыккан. Ал боюнча Жер планетасындагы тирүү организмдердин тиричилик аракетинин натыйжасында пайда болгон жана өзүн-өзү теӊ салмактуулукта сактап туруучу мейкиндик системасы, башкача айтканда жандуу жана жансыз заттардын бири-бири менен болгон аракеттеринин натыйжасында пайда болгон биостук система.