БИОТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:52, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 12843 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИО́ТА (гр. biotе – жашоо) – кандайдыр бир белгилүү аймакты ээлеп, ошол жерде калыптанып өнүккөн тирүү организмдер жыйындысы. Биоценоздон айырмаланып, биотанын курамына организмдин ортосунда бири-бири менен экологиялык байланышы жок түрлөр кирет (мисалы, австралия фаунасына кирүүчү кеңгуру жана кош дем алуу органы бар балыктар).