БИОТРОФТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 12859 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТРОФТОР (био... гр. trophe – азык, азыктануу) – тирүү организмдер менен азыктанган организмдер тобу. Аларга фитофагдар, зоофагдар жана мителер кирет. Алардын ичинде сапротрофтор өлгөн организмдердин, ошондой эле жаныбарлардын калдыктары менен азыктанат. Аларга бактериялар, актиномицеттер, ошондой эле коӊуздар, чымындар, курттар (сөөлжан), куштар (карга, кузгун), сүт эмүүчүлөр (гиена) кирет. Суудагы сапротрофтор сууну биологиялык жактан тазалоого катышат, топурак кыртышын семирткенге көмөктөшөт.