БИОЭНЕРГЕТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:24, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 12879 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЭНЕРГЕ́ТИКА – 1) организмдердин тиричилик процесстеринде энергиянын өзгөрүшүн изилдөөчү илим; биологиянын бир тармагы. Бул багыттын башаты немец врачы Ю. Р. Майер тарабынан энергиянын сакталуу жана өзгөрүү закону ачылгандан башталган. Ал эми 1841-жылы энергиянын сакталуусу жана өзгөрүүсү адамдын организминде болуучу процесстерде изилденген. 2) Энергетиканын биологиялык отунду колдонууга негизделген түрү; калыбына келүүчү энергиянын булагы. Мисалы, биогаздын курамына метандын аралашмасы (60–70%) жана көмүр кычкыл газы (30–40%) кирет; ошондой эле кээде күкүрттүү суутек (3%ке чейин) кошулат. Биогаз атайын аппараттарда метандын кычкылдануусунан пайда болот.
У. Андашев.