БИРГЕЛЕШКЕН ТЕӉДЕМЕЛЕР СИСТЕМАСЫ
БИРГЕЛЕШКЕН ТЕҢДЕМЕЛЕР СИСТЕМАСЫ – бир эле убакта системанын бардык теӊдемелерин барабардыкка айландыруучу белгисиз чоӊдуктардын маанилери табыла турган n(n-:2) белгисиздүү теӊдемелер системасы. Белгисиз чоӊдуктардын ар биринин мааниси системанын чыгарылышы болот. Эгер системанын бир да чыгарылышы болбосо, анда ал биргелешкен эмес теӊдемелер системасы.