БИРЖА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 11 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́РЖА (лат. bursa – капчык) – 1) дайыма иштеп турган дүӊ соода рыногунун‚ анын ичинде эл аралык сооданын туруктуу ж-а так сапаттык параметри бар массалык товарларын (товардык Биржа) же сурам жана сунуштун негизинде баалуу кагаздарды‚ алтынды‚ валютаны (фондулук Биржа) же жалданма жумушчуларды (эмгек Биржа) сатып алуу сатуу боюнча системалык операциялардын уюштуруу формасы; 2) сатуучулар ж-а сатып алуучулар сурам ж-а сунуштун колдонуудагы мыйзамынын баасы б-ча өз товарын сатууга мүмкүнчүлүк алат. Биржанын максаты – товарга адилет баа коюу. Биржа эки түрдө болот: 1) менчик акционердик коом; 2) жалпы элдик-укуктук мамлекеттик институт. Менчик Биржада соода бүтүмдөрүн акционерлер – ошол Биржанын мүчөлөрү гана‚ жалпы элдик Биржада бүтүмдүн мүчөлөрү‚ ошондой эле мүчө эмес ишкерлер да түзө алышат.