БИРИККЕН СӨЗДӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:15, 11 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИККЕН СӨЗДӨР – компоненттери тыбыштык жактан өзгөрүүгө учурап, өз ара ширелишип биригип, бир бүтүн сөзгө айланган, бир маани берип, бир басым м-н айтылуучу татаал сөздөр. Бириккен сөздөрдө тутумундагы эки сөздүн ичиндеги бир тыбыш башка бир тыбышка өтүп кетет же бир же бир нече тыбыш, кээде муун да сыйлыгышып түшүп калат: быйыл (бу+жыл), кайнене (кайын+эне), аржак (ары+жак), ушер (ушул+жер). Кээ бир Бириккен сөздүн бир компоненти азыркы учурда маанисин жоготкон же мааниси күӊүрттөнүп калган: карагат, кызылгат (алтай тилинде: кат – жемиш), алпкаракуш, Гүлсарат ж. б.