БИР СҮРТҮМ
БИР СҮРТҮМ (набросок) – сүрөтчүнүн тез тарта салган графика, живопись, скульптура чыгармасы; сүрөтчү кандайдыр бир иштин үстүндө иштеп жаткан учурда ошол ишине байланыштуу кээ бир байкоолорун тез түшүрүп калуусу. Б. с. натуранын жардамысыз эске тутуп калган элеси б-ча да тартыла берет. Композициялык типтеги Б. с. жалпы жонунан эскиз деп аталат.