БИСЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:33, 12 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́СЕР (ар. бусра) – тунук, түстүү ж-а түссүз айнектен, сейрек металлдан жасалган, жипке тизүүгө ылайык ичке көзөнөгү бар майда шурулар. Бисер өндүрүү Байыркы Египет, Византия, Чыгыш өлкөлөрү, Киев Русунда абдан белгилүү болгон. 13-кылымдан баштап Бисерди Венецияда Мурано аралында жасап чыгара башташкан. 18-кылымдын башында Яблонец деген чех шаарында стеклярусту (айнек түтүкчөлөр) өндүрө башташкан ж-а ал Бисердин бир түрүн түзгөн (яблонецтик бижутерия). Россияда Бисер өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшү 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башына туш келет. 1830–40-жылдарда бисерден жасалган буюмдарга болгон мода өз апогейине жеткен. Бисер м-н капчык, сумка, кисет, бювар, панно алкактын ичиндеги сүрөттөрдү кооздошкон. Бисерден жасалган жасалгалар аялдардын костюмунда (шуру, кур, баш кийим, тарак, чач карматкыч, түйгүчтөр) кеӊири пайдаланыла баштайт. Коомдун ар кайсы катмарларында Бисер бастырылган сайма-тикме иштери аялдардын сүйүктүү кол өнөрчүлүгүнө айланган. Бисерден жасалган буюмдардын өнүгүшү ж-а моданын эволюциясы м-н аны кол өнөрчүлүк сувенири катары колдонуу башталган. Архитектуралык Бисер түркүктүн валигиндеги жасалга катары пайдаланылган.