БИТИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИТИР – орозону жыйынтыктоо учурунда ар бир мусулман пендеси бере турган садага. Куран б-ча Б. берүү мусулмандардын ыйык милдеттеринин бири. Орозо кармаганына же кармабагандыгына карабастан, мусулман үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн Б. орозо айтка чейин төлөнгөн. Анын өлчөмү (4 кадак буудайдын баасы, б. а. 1 кг 610 г) жыл сайын буудайдын баасына жараша жерг. мечит тарабынан белгиленет. Б-дин эсебинен негизинен колунда жок жакыр, жетим-жесир ж-а багар-көрөрү жок адамдарга жардам берилет.