БИТУМ
БИ́ТУМ (лат. bitumen – чайыр, асфальт) – сууда эрибеген, катуу же суюк углеводороддун ж-а алардын суу тектүү, күкүрттүү, азоттуу бирикмелеринин аралашмасы. Тыгыздыгы 1000 кг/м3га жакын, 25–90°С температурада жумшарат. Табигый ж-а жасалма (нефтини буулантып, крекингдеп, майды тазалоодон калган калдыктардан алынуучу) болуп бөлүнөт. Битум табигый кендерде кездешет же нефть иштетүүдө калдык продукт катары алынат. Битум сиӊирилген рубероид үйдүн чатырын жабуучу материал ж-а суу өткөрбөгүч (гидроизоляциялык) катмар катары кеӊири колдонулат. Битумдан жасалган боёк ар кандай темир буюмду дат басуудан сактайт ж-а курулушта байыртадан байланыштыргыч материал катары цементтин ролун аткарган. Бетон өндүрүшүндө колдонулуучу толтургуч зат (шагыл ж. б.) м-н аралаштырып, жолдун таманын жапса болот. Табигый Битум нефтинин (асфальт), таш көмүрдүн, күрөӊ көмүрдүн, чым көӊдүн курамында бар, бензолдо, күкүрттүү көмүр текте, хлороформдо ж. б. эрийт.