БИХЕВИОРИЗМ
БИХЕВИОРИ́ЗМ (англ. behaviour – жүрүм-турум) – азыркы психологияда кеӊири тараган агым. Ал 19–20-к-дын ортосунда айбанаттардын психикасын эксперименттик изилдөөдөн улам пайда болгон. Анын жалпы методол. өбөлгөсү – позитивизмдин ж-а прагматизмдин философиясынын принциптери. Бул принциптер б-ча илим түздөн-түз баамга урунган нерсени гана сыпаттоого тийиш, ал эми түздөн-түз кабыл алынбаган маалыматтар м-н ички механизмдерди талдоодон алгылыктуу тыянак чыгара албайт; ошон үчүн психол. аӊ-сезимди эмес, жүрүм-турумду изилдеш керек. Бихевиористтер аӊ-сезим деп субъективдүү маалыматтардын жыйындысын айтат. Аӊ-сезим тышкы дүйнөнү чагылдыра турган мээнин кызматы экенин алар танып, психиканын материалдык субстратын текшере турган мээнин физиологиясына каршы чыгат. Окууга амер. илимпоз Э. Торндайк негиз салган, анын программасын түзгөн ж-а аны термин катары киргизген Ж. Уотсон болгон. Б-дин ил. калыптанышы үчүн В. М. Бехтерев м-н И. П. Павловдун эмгектери чоӊ роль ойногон. 20-к-да машина м-н которуу, программалап окутуу ж-дөгү изилдөөлөрдө өнүктүрүлдү.