БИЧУРИН
БИЧУ́РИН Никита Яковлевич, И а к и н ф [29.8(9.9.)1777–11(23).5.1853 Cанкт-Петербург) – орустун чыгыш таануучусу, православ миссионери, Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1828), Париждеги Азия коомунун мүчөсү (1831). Улуту чуваш. 1799-жылы Казандагы диний академияны бүтүргөн. 1802-жылы кечилдикти кабыл алган. 1807-жылдан Пекинде 14 жыл христиан дин миссиясына башчы болуп, кытай тилин үйрөнгөн. Кечилдердин үгүт-насыят иштерине көӊүл кош мамилеси үчүн 1823-жылы Ваалам кечилканасына камалган. 1826-жылы бошотулуп, Россиянын тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинде тилмеч болуп иштеген. Анын кытай тилиндеги даректерди орус

чага которуп жазган эмгектериндеги байыркы ж-а орто кылымдардагы кыргыздар (ге-гунь, гянь-гунь, хя-гя-сы, ки-ли-ки-цзы, бу-лу-ти сыяктуу иероглифтер м-н берилген) ж-а аларга коӊшу хунн, динлин, түрк, уйгур, карлук, түргөш ж. б. түрк тилдүү элдер, монголдор жөнүндөгү маалыматтары Орто Азиянын ж-а Борбордук Азиянын тарыхы үчүн өтө баалуу. Кытай тарыхына, маданиятына ж-а философиясына арналган эмгектери да бар.
Эмг.: Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л., 1950–53.
Т. Асанов.