БИШКЕК САММИТИ
БИШКЕК САММИТИ – Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында 2007-жылы 16-августта Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын: Казакстан Республикасынын Президенти Н. Назарбаевдин, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтаонун, Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевдин, Россия Федерациясынын Президенти В. Путиндин, Тажикстан Республикасынын Президенти Э. Рахмондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримовдун катышуусу м-н өткөн жетинчи жыйын (саммит). Алты өлкөнүн мамлекет башчылары ж-а өкмөттүк жетекчилер: Афганстандын Президенти – Х. Карзай, Индиянын нефть ж-а жаратылыш газ министри – М. Деор, Иран Ислам Республикасынын Президенти — М. Ахмединежад, Моӊголиянын Президенти – Н. Энхбаяр, Пакистандын тышкы иштер министри Х. Касури, Түркмөнстандын Президенти – Г. М. Бердымухаммедов эл аралык байкоочулар катары катышты. Бул саясий форум дүйнөлүк коомчулуктун активдүү кызыгуусун туудурду. 12 өлкөнүн башчылары ж-а жетекчилери катышкан бул эл аралык ири жыйын ар тараптуу жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн ж-а кызыкдар болгон маселелер боюнча активдүү пикир алышуулардын аренасы болду. Бул саммитте ШКУ мүчөлөрү эларалык маанидеги документти — Бишкек декларациясын кабыл алышты. Бишкек саммити дүйнөлүк коомчулуктун

көӊүлүнүн борборунда болуп, жыйынтыгы массалык маалымат каражаттары тарабынан оӊ бааланды.