БЛИНДАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 13 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛИНДА́Ж (фр. blindage; blinder – калкалап жабуу дегенден) – өздүк курамды пулемёттун, артиллериянын, миномёттун огунан ж-а массалык кыргын салуучу куралдан коргоочу жай (жер төлө). Блиндаж темир-бетон, жыгач, таш, топурак, ошондой эле өнөр жай конструкцияларынан курулат. Биринчи (1914–18) ж-а 2-дүйнөлүк (1939–45) согуштарда Блиндаждар көп курулган.