БЛОК (саясий)
БЛОК 3 с а я с и й – мамлекеттердин, саясий партиялардын, коомдук-саясий уюмдардын жалпы максаттарына жетүү үчүн түзүлгөн бирикмелери, макулдашуулары. «Б.» термини 20к-дын башында Францияда пайда болуп, монархисттерге, улутчулдарга ж-а клерикалдарга каршы өкмөттүн саясатын колдогон партиялардын бирикмесин билдирген. Парламенттеги парт. фракциялардын блогу мыйзам долбоорлорун кабыл алуу же четке кагуу үчүн түзүлөт. Шайлоо кампаниясы мезгилинде көзкараштары жакын партиялар бирге күрөшүү максатында өзара келишим (депутаттык ж-а министрлик орундарды бөлүштүрүү, өзара мамилелердин формалары ж-дө) түзүшүп, бир шайлоо Б-уна биригишет. Б-ко кирген партиялардын ишмердик формалары ар түрдүүчө болушу мүмкүн: элге карай биргелешкен кайрылуулар; депутаттыкка талапкерлерди биргелешип көрсөтүү; шайлоо алдында бирдиктүү саясий платформаны иштеп чыгуу; коалициялык өкмөттү түзүү; митинг, демонстрация сыяктуу саясий акцияларды биргелешип өткөрүү. Мамлекеттер аралык Б-тор коргонуу, тынчтык, согуш (мис., НАТО), экон. (ПРООН) ж. б. маселелерди чечүү максатында түзүлөт. А. Акунов.