БОЗ ТОПУРАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ ТОПУРАК – субтропик тилкелериндеги чөл, жарым чөл ж-а талаа зоналарында кездешүүчү топурак тиби. Көбүнчө Америка, Австралия, Афганстан, Борбордук Азия ж-а Кавказда кездешет. Кыргызстанда Ош обл-нда, Чүй ж-а Талас өрөөндөрүндө кеӊири таралган. Ал боз, нукура боз ж-а коӊур боз түстүү болуп үчкө бөлүнөт. Анын курамын чиринди, СО2 карбонат туздары түзөт. Кээде шор ж-а шортоӊ (шакардуу) келет. Андан арылтуу үчүн илимий жактан негизделген агротехникалык чараларды колдонуу зарыл. Бул топуракта азык-зат элементтери азыраак, ошондуктан аларга минерал ж-а органикалык жер семирткичтерди өлчөмү м-н чачуу керек. Боз топурактуу жерде пахта, тамеки, кант кызылчасы, жүгөрү, эгин ж-а жашылча-жемиштер, ошондой эле токой өсүмдүктөрү жакшы өсөт.

Ад.: Почвы Киргизии. Ф., 1966; Розанов Б. Г. Почвенный покров земного шара. М., 1977.