БОЗ ТҮШҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ ТҮШҮҮ – чаӊдын, түтүндүн ж. б. заттардын абада топтолушунун натыйжасында атмнын бир аз тунарып турган абалы. Көбүнчө боз түшүү чоӊ шаарлардын үстүндө, кыртышы өтө кургак чөлдүү ж-а жарым чөлдүү р-ндордо же ошол тараптан келген аба массаларында байкалат. Б. т. күчөгөн убагында 1 км, кээде ага жетпеген аралыкта туман баскансып, атмосфера тунарып, жер даана көрүнбөй калат.