БОЛИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 13291 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛИ́Д (fireball), к у й р у к т у у ж ы л д ы з – эӊ чоӊ жана өтө жаркырак метеор («оттуу шар»). Жылына он миӊдей Болид учуп, жер атмосферасына түшүп турат. Ал атмосферада майдаланат жана толук бууланып кетет, кээде жер бетине метеорит түрүндө түшөт. Кыйла жарык Болидди күндүз да байкоого болот. Түнкүсүн болсо кабыкчасы жана куйругу көрүнөт. Болид учканда иондошкон газдан жана чаӊдан турган из калтырат. Бул из стратосферадагы шамалдын таасиринен ийри-буйру формага ээ болуп, бир нече минута көрүнөт. Болид учканда кээде күркүрөгөн үн чыгарат. 1908-жылы Сибирде өтө чоӊ Болид көрүнгөн.