БИОТИТ
БИОТИ́Т (фр. илимпоз Ж. Б. Бионун ысмынан) – слюдалар тобундагы минерал. Хим. формуласы K(Fе, Mg)3[(Al2Fe)Si3O10](OH, F)2. Моно

клин cи нгониясында кристаллданат. Өӊү кара, кара күрөӊ, кочкул жашыл, коӊур күрөӊ. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2,5–3. С. салм. 2,7–3,3. Тоотектерди түзүүчү минерал иретинде ар түрдүү магма ж-а метаморфизм тоотектеринин курамында болот. Б. электртехникасында ж-а боёк жасоодо колдонулат, к. Слюдалар.