БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВА́Т – жаратылыштын бузула элек бөлүктөрүн калыбында сактап калуу, о. эле өзгөрүүгө дуушарланган бөлүктөрүн калыбына келтирүү максатында уюшулган аймак; чарбалык терс таасирди чектеп, мыйзам аркылуу коргоолуучу экон.-экол. регион. Ал табигый ж-а маданий ландшафттан туруп, анда тиричилик кылгандар алдынала иштелип чыккан табиятты коргоо ж-а бузулган аймакты калыбына келтирүү планы б-ча иш жүргүзөт. Алгачкы Б. р-тар 1970-ж. табиятты коргоо, ил.из. иштерди жүргүзүү үчүн ЮНЕСКОнун эларалык «Адам жана Биосфера» программасынын чегинде түзүлө баштаган. Бүгүнкү күндө Б.р. ж-дө түшүнүк Севильяда (1995) болуп өткөн ЮНЕСКОнун эларалык конференциясында калыптанган. Б. р. үч негизги бөлүктөн – ядролук (биотүрдүүлүк жакшы каралган ж-а жаратылыш зонасы баштапкы абалда сакталган), буфердик (өтмө) ж-а өнүгүү (узак мөөнөткө чөйрөнү туура пайдалануу) зоналарынан турат. Анын негизги функциялары: коргоо (экосистемалардын ж-а ландшафттардын генетикалык ресурстарын сактоо), колдонуу (экон. ж-а социалдык өнүгүүнү туура жолго коюп, узак мөөнөттө кармап туруу) ж-а материалдык базалык (демонстрациялык долбоорлорду колдоо; айланачөйрөнү коргоо б-ча адистерди даярдоо; чөйрөнү коргоо б-ча жерг., улуттук ж-а глобалдык проблемаларды изилдөө ж-а аларга көзөмөл жүргүзүү). Кырг-ндагы Ысыккөл биосфералык резерваты 2001-ж. уюшулган. Т. Асыкулов.