БИРДИК (Ноокен районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК – Жалал Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 5 км чыгыш тарапта. Жалал Абад темир жол бекетинен 43 км аралыкта. Деӊиз деӊгээлинен 730 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2723 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенишет. Эки орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, ФАП, чайкана бар.