ГЕПАТИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:55, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕПАТИ́Т (гр. hepаr – боор) – боордун түрдүү этиологиядан пайда болуп, катуу кармаган ж-а өнөкөт сезгенүү ооруларынын жалпы аты; боордун түрдүүчө дарылоону талап кылуучу сезгениши. Ал пайда кылган себебине жараша вирустук гепатит биринчилик (вирустуу гепатит) ж-а экинчилик болуп айырмаланат. Анын катуу кармаган (вирустуу гепатит) ж-а өнөкөт түрү бар. Боор катуу сезгенгенде алгач адамдын тамак ичкиси келбей, эти ысып, алы кетип, муундары, оӊ кабыргаларынын асты салмактанып ооруйт. Кийинчерээк оорунун негизги белгиси – сарык пайда болот. Боордун өнөкөт оорусу көбүнчө катуу сезгенүү уларып, өнөкөткө айлануудан ж-а жугуштуу (бруцеллёз, кургак учук ж. б.), мите (эхинококк, описторхоз ж. б.) ооруларынан, уулануудан, кээ бир дарыларды туура эмес ичүүдөн пайда болот. Сезгенүү процесси көпкө созулганда, боор клеткалары өлүп, бириктиргич ткандар өсүп, циррозго алып келет. Боор ишинин бузулушуна жараша оорулуу адамдын боору, көк боору чоӊоёт, эти ысып, териси саргая баштайт. Гепатит жылдап созулат. Мындай оорулууну ооруканада дарылайт, каттоого алынат. Анын алдын алуу үчүн жугуштуу ооруларды туура дарылоо, уулануудан сактануу ж-а туура тамактануу чоӊ мааниге ээ.