ВЕТЕРИНАРИЯ -САНИТАРИЯЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ (ВСЭ)
ВЕТЕРИНА́РИЯ -САНИТАРИЯЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ (ВСЭ) – 1) тамак-аш продуктуларынын сапатын ж-а зыянсыздыгын аныктоо боюнча жүргүзүлүүчү изилдөөлөр ж-а чаралар комплекси. Аны эт-сүт, балык, айыл чарба мекемелеринде, базарларда, кушканаларда ветеринариялык кызмат ишке ашырат. Малды соёрдо ж-а сойгондон кийин ылаңга диагноз коюу, эт, сүт, балык, жумуртка ж-а алардан жасалган продукцияларды гистологиялык, микробиологиялык, физикалык, химиялык ж. б. ыкмаларды колдонуу м-н лабораториялык анализ жүргүзүлөт. ВСЭнин негизги маңызы – зооантропоноздук ж-а антропозооноздук жугуштуу ж-а мите ылаңдарынын тамак-аш, жем-чөп ж-а техникалык продукциялар аркылуу адамга ж-а жаныбарга таралуусунун алдын алуу. 2) Ветеринарияны тамак-аш продуктуларын, өсүмдүк ж-а жаныбарлардан алынган сырьёлорду изилдөө ыкмаларын ж-а ветеринариялык- санитардык баалоо принциптерин изилдөөчү бөлүмү. ВСЭ өз алдынча илим тармагы катары 20-кылымда калыптанган, бирок жаныбарлардан алынган кээ бир продуктулардын тамак-аш катары жарактуулугун ж-а жараксыздыгын аныктоо 17-кылымдан баштап эле белгилүү болгон. ВСЭ мите ылаңдарда, лейкоздо, чочконун ж. б. жаныбардын сибирь кулгунасында; токсикоинфекцияда ж-а токсикоздо эттин, балыктын жаңылыгын ж-а ылаңдаган малдын этин тамак-ашка жарамдуу же жарамсыздыгын аныктоодогу химиялык ыкмаларды; гистологиялык ыкма м-н эттин канча деңгээлде жаңылыгын ж-а жетилгенин, радиоактивдүү заттар ж-а иондук нурлар м-н продукциялардын бузулганын аныктоо; жаныбарлардан алынган кургак тоют продукцияларына ветеринариялык-санитардык баа берүү иш-чараларын ж-а ыкмаларын иштеп чыгат.
А. И. Иргашев.