ВЕТЛУГА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕТЛУ́ГА – Россиянын Киров, Кострома, Ни­жегород облустары м-н Марий Эл Республикасынын ай­мактары аркылуу аккан дарыя, Волганын сол куймасы (Чебоксары суу сактагычына куят). Узундугу 889 км, алабынын аянты 39,4 миң км2. Суу­сунун орточо чыгымы 255 м3/сек. Ноябрдан майга чейин муз тоңот. Чатынан 700 кмге чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Ветлуга шаары жай­гашкан.