ВЕТО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:44, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ТО (лат. veto – тыюу салам) – 1) мамлекеттик укук­та – мамлекеттик бийликтин бир органы (мамлекет башчысы) мамлекеттик башка органдын чечимин ток­тотуу же күчүнө киргизбей коюу (тыюу салуу) актысы. Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга карата мамлекет башчысы – Пре­зидентке берилген Вето укугу өзгөчө мааниге ээ. Ветону абсолюттук ж-а чектелген (резолютивдик) же са­лыштырмалуу (суспенсивдүү) деп экиге ажыра­тышат. Абсолюттук Вето парламент кабыл алган мый­замды мамлекет башчысы такыр эле четке ка­гып, күчүнө киргизбей коюу укугу. Ал эми са­лыштырмалуу Вето болсо, парламент кабыл ал­ган мыйзамдын күчүнө киришин убактылуу гана токтото алат, анткени парламент экинчи жолу карап, анда бул мыйзамды көпчүлүк добуш м-н кайрадан кабыл ала алат. Мындай учурда мый­замды биротоло кабыл алынды деп эсептеш үчүн добуш берүүнүн басымдуу көпчүлүгү, мисалы, АКШ м-н Россияда ар бир палатанын үчтөн эки добу­шу талап кылынат. Ошондой эле Ветонун жалпы ж-а жекече деген түрлөрү да бар. Биринчиси – мый­замды, чечимди д. у. с. толугу м-н четке кагуу, экинчиси – айрым бөлүктөрүн же кээ бир статья­ларын гана четке кагуу (же аткаруудан баш тартуу) актылары. Вето институту байыркы Римде пайда болгон. Орто кылым доорунда эркин – ли­берум Вето деген түрү көбүрөөк таралган (17–18-кылымда Польшада сейм чечими бардык депутаттар добуш бергенде гана кабыл алынды деп эсеп­телген). 2) БУУнун Коопсуздук Советинин ту­руктуу мүчөлөрүнүн процедуралык эмес маселе­лер боюнча чечим кабыл алуу учурунда БУУнун уставында каралган бир добуштуулук принци­би да Вето укугу деп аталат. 3) Кыргыз Республи­касынын Конституциясында да Президенттин Вето укугу каралган. Анда КРдин Жогорку Кеңе­ши кабыл алган мыйзамга Президент макул бол­босо, ага Вето коёт да, бир айдын ичинде каршы пикирин билгизип, парламентке жөнөтөт. Аны парламент бир айдын ичинде кароого тийиш. Мыйзам үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добуш м-н кабыл алынса, ага өлкө Президенти кол коюуга мажбур болот.

К. Эсенканов.