ВЕТО
ВЕ́ТО (лат. veto – тыюу салам) – 1) мамл. укукта – мамл. бийликтин бир органы (мамлекет башчысы) мамл. башка органдын чечимин токтотуу же күчүнө киргизбей коюу (тыюу салуу) актысы. Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга карата мамлекет башчысы – Президентке берилген В. укугу өзгөчө мааниге ээ. В-ну абс. ж-а чектелген (резолютивдик) же салыштырмалуу (суспенсивдүү) деп экиге ажыратышат. Абс. В. парламент кабыл алган мыйзамды мамлекет башчысы такыр эле четке кагып, күчүнө киргизбей коюу укугу. Ал эми салыштырмалуу В. болсо, парламент кабыл алган мыйзамдын күчүнө киришин убактылуу гана токтото алат, анткени парламент экинчи жолу карап, анда бул мыйзамды көпчүлүк добуш м-н кайрадан кабыл ала алат. Мындай учурда мыйзамды биротоло кабыл алынды деп эсептеш үчүн добуш берүүнүн басымдуу көпчүлүгү, мис., АКШ м-н Россияда ар бир палатанын үчтөн эки добушу талап кылынат. О. эле В-нун жалпы ж-а жекече деген түрлөрү да бар. Биринчиси – мыйзамды, чечимди д. у. с. толугу м-н четке кагуу, экинчиси – айрым бөлүктөрүн же кээ бир статьяларын гана четке кагуу (же аткаруудан баш тартуу) актылары. В. ин-ту байыркы Римде пайда болгон. О. кылым доорунда эркин – либерум В. деген түрү көбүрөөк таралган (17–18-кылымда Польшада сейм чечими бардык депутаттар добуш бергенде гана кабыл алынды деп эсептелген). 2) БУУнун Коопсуздук Советинин туруктуу мүчөлөрүнүн процедуралык эмес маселелер б-ча чечим кабыл алуу учурунда БУУнун уставында каралган бир добуштуулук принциби да В. укугу деп аталат. 3) Кыргыз Республикасынын Конституциясында да Президенттин В. укугу каралган. Анда КРдин Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамга Президент макул болбосо, ага В. коёт да, бир айдын ичинде каршы пикирин билгизип, парламентке жөнөтөт. Аны парламент бир айдын ичинде кароого тийиш. Мыйзам үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добуш м-н кабыл алынса, ага өлкө Президенти кол коюуга мажбур болот. К. Эсенканов.