ВЁРСТКА
ВЁРСТКА п о л и г р а ф и я д а – 1) ар кандай көлөмдөгү текст, таблица, сүрөт материалдарынан белгилүү өлчөмгө же атайын жасалган макетке тууралап китеп, журнал ж-а гезит беттерин курап даярдоочу полигр. процесс. Мында китептин бөлүмү, темасы, сүрөтү белгилүү тартипте жайгаштырылып, бети ж-а бир беттеги саптардын саны аныкталат. В-нын жөнөкөй түрү – бирдей ариптен терилген сүрөтсүз туташ текст, татаалы – ар кандай ариптен турган сүрөттүү текст. В-нын негизги милдети тексттин логикалык түзүлүшүн табуу, окууга ыңгайлуулугун, барактарды ж-а басып чыгарууда керектүү болгон жайгашууларды камсыз кылуу;
2) терилип, версткалангандан кийин катасын оңдоо үчүн окула турган текст барагы (корректура).