ВИАДУК
ВИАДУ́К (лат. via – жол ж-а duco – алып барам) – терең аң болуп кеткен жолдун кесилишине, кокту-колотко, капчыгайларда салынган узун көпүрө сымал курулма. Виадук негизинен материалды үнөмдөө үчүн же топуракты бийик кылып төгүү техникалык жактан пайдасыз болгондо колдонулат. Алгачкы Виадук байыркы Римде пайдаланылган. 19-кылымда кыштан ж-а таштан курула баштаган.